Биз менен байланышыңыз

Бүгүн Кой-Таш окуясы боюнча угуулар уланат

Кыска кабар | 5 Мар 2020 | 507 | 0

Бүгүн, 5-мартта саат 14:00дө Бишкектин Биринчи май райондук сотунда 7-8-августта Кой-Ташта болгон окуялар боюнча алдын ала соттук угуулар улантылат.

Соттук териштирүү жабык режимде өтүп, ага Марат Сыдыков төрагалык кылууда.

Мамлекеттик айыптоочу Нурлан Тагаевдин айтымында, бүгүн жактоочулар Автандил уулу Б. жана Рамазанованын эки өтүнүчү каралат. Алар дагы айрым далилдерди иштин материалдарынан алып салууну өтүнгөн.

3-мартта Бишкектин Биринчи май райондук сотунда 7-8-августта Кой-Ташта болгон окуялар боюнча алдын ала соттук угуу башталып, ага мурунку президент Алмазбек Атамбаев алынып келинген болчу.

25-февралда Башкы прокуратура  2019-жылдын 7-8 августундагы Кой-Таштагы окуялар боюнча кылмышка шектүү 14 жаранга  расмий түрдө айыптоо корутундусунун көчүрмөсүн тапшырган. Ошол эле күнү аталган кылмыш иши боюнча материалдар Бишкек шаардык биринчи май райондук сотуна жиберилген.

Ошондой эле аталган окуя боюнча шектелген 5 жаран тергөө менен кызматташууну тандап, учурда алар боюнча өзүнчө ИИМ тарабынан тергөө амалдары жүрүп жатат.

Эске сала кетсек, 7-8-августта Кой-Таш айылындагы үйүндө мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кармоо операциясы жүргөн. Анда мурдагы президенттин тарапташтары каршылык көрсөтүп, эл менен кагылышуунун натыйжасында, УКМКнын «Альфа» атайын түзүмүнүн кызматкери каза болгон жана 175 адам ар түрдүү мүнөздөгү жаракат алып, ооруканага кайрылган.

Copyright © 2017 Maral FM