Биз менен байланышыңыз

715 айылга таза суу тартылат: Чыгымын ким каржылайт?

Кыска кабар | 4 Мар 2020 | 1141 | 0

2023-жыла чейин өлкөнүн 715 айылында таза суу системасын куруу пландалууда. Бул тууралуу  Суу ресурстары мамлекеттик агенттигинин директорунун орун басары Сайпидин Момунов «Маралга» берген маегинде билдирди.

Анын айтымында,

  • 2020-жылы 100 айыл;
  • 2021-жылы 145 айыл;
  • 2022-жылы 225 айыл;
  • 2023-жылы 235 айыл таза суу менен камсыз болот.

Анын ичинен:

  • республикалык бюджеттин эсебинен 185 айылда;
  • Дүйнөлүк банк, Ислам өнүктүрүү фонду жана Азия өнүктүрүү банкынын каражатына 285 айылда;
  • Евразия стабилдештирүү жана өнүктүрүү фонду тарабынан 110 айылда;
  • Кытай Эл Республикасынын грантына 70 айылда;
  • башка каржы булактарына 65 айылда таза суу системалары курулат.

Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан Араб гуманитардык фондуна 36 айыл сунушталып, алардын кароосунда.

Мындан сырткары, алдыңкы төрт жылда 27 шаарда таза суу жана саркынды суулар системалары реабилитацияланат.

Белгилей кетсек, быйыл калкты таза суу менен камсыздоого республикалык бюджеттен 500 млн сом каралган.

Ал эми 2017-2019-жылдар аралыгында өлкөдө 107 айылда таза суу системасы курулуп, пайдаланууга тапшырылган. Республикада 31 шаар, 1819 айыл бар.

Copyright © 2017 Maral FM