Connect with us

Атамбаев Кой-Таш окуясы боюнча сотто сүйлөгөн жок

Кыска кабар | 3 Мар 2020 | 1134 | 0

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев Кой-Таш окуясы боюнча соттук отурумга катышты. 7-8-августта Кой-Ташта болгон окуялар боюнча алдын ала соттук угуу бүгүн, 3-мартта Бишкектин Биринчи май райондук сотунда башталып, жабык өттү. Атамбаев сотто көрсөтмө берген жок, эч кандай билдирүү да жасаган эмес. Бул тууралуу Кыргызстан Социал-демократтар партиясынын өкүлү Кундуз Жолдубаева маалымат каражаттарына билдирди.

Атамбаев өзүн жакшы сезип турат. Ал сот отурумуна катышканы менен сүйлөгөн жок. Билдирүү да жасабады. Анын кан басымы мурдакыдай эле төмөн бойдон. Сот залында дарыгерлер да отурду. Убактылуу кармоо жайынын шарттарына нааразычылык айткан жок. Атамбаевдин маанайы жакшы, — деди Жолдубаева.

Буга чейин Атамбаевдин кан басымы – 80/60 болгону, ал ден соолугун калыбына келтирүү үчүн машыгып жатканы, кан басымын көтөрүү үчүн бал кошулган чай ичип жатканы айтылган.

Copyright © 2017 Maral FM