Биз менен байланышыңыз

Ош жана Жалал-Абад облустарында күчү 3 баллга жеткен жер титирөө катталды

Кыска кабар | 2 Мар 2020 | 343 | 0

Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, 1-мартта саат 07:48де жана 15:18де Кыргызстандын аймагында очогунда күчү 3 баллга жеткен жер титирөө катталган. Жер титирөө Ош облусунун Кара-Суу районунун Кашкар-Кыштак, Отуз-Адыр, Мады, Кызыл-Ордо айылдарында 2,5 баллга чейин сезилген. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Ошондой эле, Жалал-Абад облусунун Сузак районунун Каду, Жазы-Кечүү, Ак-Булак айылдарында 2,5-3 баллга, Косо-Терек, Орток, Кара-Алма, Сай айылдарында 2-2,5 баллга чейин сезилген жер титирөө катталган.

Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок. 

 

Copyright © 2017 Maral FM