Биз менен байланышыңыз

Министрлик: «Ошто коронавирус катталды» деген маалымат калп

Кыска кабар | 29 Фев 2020 | 1205 | 0

«Оштун Өзгөн районунда коронавирус катталды» деген маалымат чындыкка дал келбейт. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги билдирди. Социалдык тармактарда тарап жаткан маалыматтар чындыкка коошпогонун, Кыргызстанда вирусту жуктурган учур катталбаганын министрликтин маалымат кызматы билдирет.

Кечээ, 28-февралда Оштун Кара-Суу районундагы «Достук» көзөмөл өткөрмө бекетинен Түштүк Кореядан Өзбекстан аркылуу Кыргызстандын бир, Орусиянын эки жараны өткөнү кабарланган. Алар тиешелүү медициналык кароодон өтүп, кандайдыр бир оорунун жана коронавирустун белгилери аныкталган эмес.

Кытайдын Ухань шаарынан чыккан коронавирусту жуктургандардын саны 83 миңге жетип, андан 2800дөй киши каза болгон. Коронавирус 50дөн ашык өлкөгө жайылып, вирустун очогу болгон Кытайдан кийин эле вирус эң көп катталган учур Түштүк Кореяда, Иранда жана Италияда болууда.

28-февралда Кыргызстан коронавирус жайылып жаткан Кытайдын, Ирандын, Италиянын, Жапониянын жана Түштүк Кореянын жарандарынын өлкөгө келишине убактылуу чектөө киргизди.

Copyright © 2017 Maral FM