Биз менен байланышыңыз

Чолпонбаев: Беткап боюнча маселе чечиле элек

Кыска кабар | 28 Фев 2020 | 546 | 0

Медициналык беткап боюнча маселе бар. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министри Космосбек Чолпонбаев маалымат жыйында билдирди.

«Бирок бул маселе чечилет. Учурда 160 ооруканада 488 миң беткап бар. Мындан сырткары, тийиштүү кийимдер да бар. Ал эми рынокто 170 миң беткап бар. Буга чейин беткап Кытайдан, Казакстандан алынып келчү. Азыр алар экспортту токтотуп койду. Бул маселе 1-2 жумада чечилет» — деди Чолпонбаев.

Анын айтымында, ооруканада атайын коргоочу кийим-кеченин саны 300дөн ашык жана респиратордук беткаптын саны 44 миңден ашат.

Эске салсак, 30- январда, тагыраак айтканда, туура бир ай мурда Саламаттык сактоо министрлиги жакынкы күндөрү өлкөгө жарым миллион медициналык беткап алып келине турганын билдирген болчу. Бирок беткап маселеси бүгүнкү күнгө чейин чечиле электиги белгилүү болду.

Ошондой эле министрлик Кытайдагы коронавирустун жаңы түрүнүн жайылышынан улам Кыргызстандагы дарыкана жана фармацевтикалык компанияларды бир адамга 20 беткаптан ашык сатпоого чакырган.

 

Copyright © 2017 Maral FM