Биз менен байланышыңыз

Коронавирус тараган өлкөнүн жарандарын Кыргызстанга кабыл албоо боюнча маселе каралат

Кыска кабар | 28 Фев 2020 | 724 | 0

Кыргызстандын аймагына коронавирустун келүүсүн алдын алуу жана жайылышына жол бербөө боюнча республикалык штабы бүгүн, 28-февралда коронавирус тараган өлкөдөн келген жарандарды кабыл албоо боюнча маселени карайт. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министри Космосбек Чолпонбаев маалымат жыйында билдирди.

«Түштүк Корея, Италия, Иран, Япониянын жарандарын убактылуу Кыргызстанга кабыл албоо сунушу берилди. Маселе каралууда, бирок чечим чыга элек«, — деди  Чолпонбаев.

Космосбек Чолпонбаев билдиргендей, Кытайда оорунун жугушу басаңдаганы менен Европада курч бойдон калууда. Кытай, Италия, Япониядан келгендер карантинге толук киргизилип жатат.

«Түштүк Кореядан келген жарандар көбөйдү, аларды 14 күн карантинге алуу үчүн медициналык шарттар каралууда. Спорттук иш чараларды өткөрүү токтотулду. Карантинде тургандар анализден өтүүдө, жалпы 919 эмдөө болду, жыйынтык жакшы«, — деди Чолпонбаев.

Ошондой эле ал жума намазды өткөрүүгө өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча Муфтият менен сүйлөшүүлөр боло турганын билдирди.

Copyright © 2017 Maral FM