Биз менен байланышыңыз

Баткен жана Жалал-Абад облусунда күчү 3 баллга жеткен жер титирөө катталды

Кыска кабар | 28 Фев 2020 | 364 | 0

Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, 27-февраль күнү саат 10:23тө жана 21:00дө Кыргызстандын аймагында очогунда күчү 3 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Жер титирөө Баткен облусунун Кадамжай районунун Кара-Өтөк, Лангар айылдарында 2,5 баллга чейин жана Жалал-Абад облусунун Токтогул районунун Толук, Бел-Алды айылдарында 2 баллга чейин сезилген.

Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

Copyright © 2017 Maral FM