Биз менен байланышыңыз

28-февралга карата аба ырайы тууралуу маалымат

Кыска кабар | 27 Фев 2020 | 953 | 0

Кыргызгидрометтин маалыматы боюнча, 28-февралда күндүз Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоо этектеринде, тоолуу райондорунда, Нарын облусунун көпчүлүк аймактарында, Чүй, Талас, Ысык-Көл облустарынын кээ бир райондорунда кар жаашы мүмкүн. Жолдор тоңголок, тайгак болуп, тоолуу райондордо кар күрткүсү күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден Ысык-Көл акваториясында15-20 метрге жетиши ыктымал.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда:

түнкүсүн: -4…..1… күндүз: 4……..9°C

Талас облусунда:

түнкүсүн: 0…..-5….күндүз: 3………8°C

Жалал-Абад жана Ош облустарында:

түнкүсүн: -2……3….күндүз: 5……..10°C

Баткен облусунда:

түнкүсүн: -2……3….күндүз: 5………10°C

Ысык-Көл облусунда:

түнкүсүн: -4…..-9..….күндүз: 1……..6°C

Нарын облусунда:

түнкүсүн: -8……-13…..күндүз: -3.……-8°C

28-февралда Бишкекте мезгил-мезгили менен кар аралаш жаан жаайт. Шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет. Абанын температурасы түнкүсүн -1…….-3°C, күндүзү 7………9°C.

Copyright © 2017 Maral FM