Биз менен байланышыңыз

27-февралга карата аба ырайы тууралуу маалымат

Кыска кабар | 26 Фев 2020 | 488 | 0

Кыргызгидрометтин маалыматы боюнча, 27-февралда түнкүсүн Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында жаан, кар, тоо этектеринде, тоолуу райондорунда жана Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда кар жаашы ыктымал. Күндүз жана көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен кар жаашы күтүлөт. Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен жана Ысык-Көл облустарынын кээ бир райондорунда каттуу жаан-чачын жаашы мүмкүн. Зымдарга жана бактарга суу кар жабышышы күтүлөт. Жолдор тоңголок, тайгак болуп, тоолуу райондордо кар күрткүсү күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 17-22 метрге жетиши ыктымал.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда:

түнкүсүн: 0…..5… күндүз: 2……..7°C

Талас облусунда:

түнкүсүн: -1…..4….күндүз: 1………6°C

Жалал-Абад жана Ош облустарында:

түнкүсүн: 1……6….күндүз: 3……..8°C

Баткен облусунда:

түнкүсүн: 1……6….күндүз: 3………8°C

Ысык-Көл облусунда:

түнкүсүн: -4…..1..….күндүз: 5……..10°C

Нарын облусунда:

түнкүсүн: -7……-12…..күндүз: -4.……1°C

27-февралда Бишкекте мезгил-мезгили менен жаан жаайт. Шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет. Абанын температурасы түнкүсүн 3…….5°C, күндүзү 5………7°C.

Copyright © 2017 Maral FM