Биз менен байланышыңыз

Кытайдан келген товарлардын кайсы түрү канча сомго кымбаттады? (тизме)

Кыска кабар | 26 Фев 2020 | 1661 | 0

Кытай менен чектешкен чек ара убактылуу жабылып, азырынча качан ачылары белгисиз. Мындан улам, импорттун негизги бөлүгү Кытайга көз каранды болгон Кыргызстанда товарлардын баасы өстүбү деген суроо менен «Марал» радиосу соодагерлерден сурамжылоо өткөрдү. Төмөндө сиздерге Кытайдан импорттолгон товарлардын кайсы түрү кымбаттады жана кайсы түрүнүн баасы туруктуу бойдон калганын тизме менен беребиз:

Батарейка (кубаттагыч) — 5 сомго кымбаттаган

Тырмак алуучу каражат — 10 сомго кымбаттаган

Фурнитуралар — баа азырынча туруктуу

Байпактар — 2-3 сомго кымбаттаган

Полиэтилен баштыктар (пакеттер) —5-10 сомго (бир таңгагы) кымбаттаган

Кийим токулчу жиптер — 10 сомго (түрмөгү) кымбаттаган

Пластик кийим илгич — 2 сомго кымбаттаган (кампадагы запас 2-3 айга жетет)

Кездемелер — баасы бир сыйра кымбаттап, бирок кайра турукташкан

Жылыткычтар — баасы туруктуу

Үтүк -баасы мурункудай эле

Чач кургаткыч — баасы туруктуу

Чаң соргуч -баасы туруктуу бойдон калууда

Пластик идиштер — баа көтөрүлүп, кайра түшкөн

Спорттук шым — кездеме кымбаттаган учурда баасы көтөрүлүп, кайра баа түшкөн

Скатерть — соода жоктугунан арзандаган (бирок запас 2 айга гана жетет)

Тиш, кулак чукугуч — баа мурунку бойдон

Бирок тиричилик техникаларынын айрым түрлөрү түгөнүп, сатыкта жок болууда. Соодагерлердин айтымында, учурда кампаларда 2-3 айга жете турган өндүрүмдөр бар. Бирок чек ара ачылбаса, товар таңкыстыгы жаралып, баалар кымбатташы мүмкүн.

Кошумчалай кетсек, кыргыз-кытай соода жүгүртүүсүнүн көлөмү 2 млдр доллардын тегерегинде. Кытайдан импорттолгон товарлардын 3 пайызын азык-түлүктөр түзөт. Калган 97%ы жабдуулар, кездемелер, бут кийим, жеңил өнөр жай тармагына керектүү товарлар. 

Сиз Кытайдан келген товарлардын кымбатташы жана мындан кийинки кадамдар кандай болору тууралуу кененирээк бул макаладан окусаңыз болот ⤵

Чек ара ачылбаса, Кытайдан келген товарлардын баасы өсөт

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM