Биз менен байланышыңыз

Кой-Таш окуясы боюнча шектүүлөргө расмий айыптоо актысы тапшырылды

Кыска кабар | 25 Фев 2020 | 823 | 0

Башкы прокуратура Кой-Таш окуясы боюнча айыпталгандарга расмий түрдө айыптоо корутундусун тапшырды. Бул тууралуу Кыргызстан социал-демократтар партиясынын расмий өкүлү Кундуз Жолдубаева өзүнүн «Фейсбуктагы» баракчасына жазды.

Анын айтымында, башпрокурор Өткүрбек Жамшитов бекиткен 491 беттен турган айыптоо бүтүмү чыккан.

Айыпталгандардын сап башында Алмазбек Атамбаев, Фарид Ниязов, Равшан Жээнбеков, Ирина Карамушкина, Асель Кодуранова, Кундуз Жолдубаева, Канат Сагымбаев, Мээрбек Мискенбаев жана башкалар турат.

Ички иштер министрлиги буга чейин аталган окуя боюнча сотко чейинки өндүрүштө бийликти күч менен басып алуу, адам өлтүрүү жана күч органдарынын кызматкеринин өмүрүнө кол салуу, массалык башамандыкты уюштуруу, барымтага алуу жана башка кылмыштар боюнча жалпысынан 14 кишиге шектүү катары айыптоо кагазы берилгенин билдирген.

Copyright © 2017 Maral FM