Биз менен байланышыңыз

Министрлик жер семирткичтердин жаңы түрүн колдонууга чакырат

Коом , Кыска кабар | 24 Фев 2020 | 1258 | 0

Бүгүн, 24-февралда «Кыргызленд» экспорт жана импортчулар ассоциациясы менен Айыл чарба министрлигинин өкүлдөрү айыл чарба өсүмдүктөрүн өстүрүүдө заманбап глицерол жер семирткичи тууралуу маалымат берди. Анда аталган жер семирткичтин пайдалары жөнүндө айтылды. Мындан сырткары, өсүмдүктөрдү дарылоодо атайын дрондорду колдонуу сунушу берилди. Министрлик дыйкандарга керектүү жер семирткичтер жетиштүү көлөмдө алынып келингенин маалымдады.


Быйыл Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлиги дыйкандарды заманбап жер семирткичтерди колдонууга чакырат. Глицерол — бул хелаттык формадагы, органикалык-минералдык микро жер семирткич, ал  ар кандай климаттык шартта айыл чарба өсүмдүктөрүнөн мол түшүм алууга өбөлгө түзөт. Алсак, кайрак, суу жетпеген жерлерде эгинди ашыкча сугарбастан жакшы түшүм алууга болот. Бул тууралуу Кыргызстандын «Кыргызленд» экспорт жана импортчулар ассоциациясынын президенти Ленара Ниязбекова билдирди.

Анын айтымында, аталган жер семирткич Кыргызстанда 2017-жылдан бери колдонулуп келет.

— 2019-жылда кургакчылык болду. Ошол кургакчылыкта биз дан жана башка айыл чарба өсүмдүктөрдү катаал климаттык шарттарда кургакчылыктан сактап, мисалы, Ысык-Көлдө, Нарын жана Таласта жакшы түшүм алууга жетиштик. Глицеролдун курамындагы хелат агенттигин транспорт деп эсептесек болот. Ал өсүмдүктөргө макро-микро элементтерди жеткирип берүү функциясын аткарат. Минералдын универсалдуулугу — бул жалбырак аркылуу берилет. Ал тамыр системасын бекемдейт. Натыйжада, тамыр системасы ар кандай климаттык катаалчылыктарга туруштук берет. Эгерде шамал болсо, өсүмдүк кулап калбайт, эгерде күн ысык болсо куурап кетпейт. Мындан сырткары, топурак менен тамырдын ортосундагы нымдуулукту кармап берет. Анын эсебинен дан өсүмдүктөрүн бир да жолу сугарбай түшүм алуудабыз. 

Глицерол жер семирткичи 5 комплекстен — бор, цинк, калий, азоттун түрлөрүнөн турат. Комплекстин 1 литри 260 сом, цинктин литри 315 сом, калган түрлөрүнүн наркы 385 сомду түзөт. Алар айыл чарба өсүмдүктөрүнүн түрүнө жараша гектарына 300 литр сууга 1,5-2 литри аралаштырылып колдонулат. Ал эми мөмөлүү бак-дарактарга гектарына 600 литр сууга 3 литр аралаштырылып чачылат.

Ленара Ниязбекова кошумчалагандай, глицерол жер семирткичи баалардын өсүп кетпеши үчүн базарларга чыгарылган эмес.

— 0555 823226, 0772 823226 номуруна байланышып, маалымат алууга болот. Учурда өлкөнүн жети дубанында биздин өкүлчүлүктөр ачылган. Адистер дыйкандарга минералды колдонуу боюнча маалымат беришет. Ошол жерден сатып алууга да болот. 

Маалыматка ылайык, 2019-жылы «Кыргызленд» ассоциациясы КР Айыл чарба министрлиги жана глицерол органикалык-минералдык микро жер семирткичтерди чыгарган «Золотой Колос» ишканасы менен үч тараптуу меморандумга кол койгон. Ал ишкана Россиянын Воронеж шаарында жайгашкан.

Министрлик учурда климаттын өзгөрүшү жүрүп, ага жараша айыл чарба өсүмдүктөрүн өстүрүүдө заманбап технологияларды, жер семирткичтерди колдонууга кеңеш берет. Божомолдорго ылайык, март айында аба ырайы ысык болот – ал эгиндерди чоң зыянга учуратышы мүмкүн. Дыйкандарга глицерол жер семирткичин эгинге бир нече жолу чачып чыгууну сунуштайт.

Мындан тышкары, министрлик өсүмдүктөргө дары чачууда дрон пайдаланууга кеңеш берет. Дрон 50 литр суюктукту 1-2 метр бийиктиктен чачууга шарт түзөт. Башка техникаларга салыштырмалуу дрон кызматын пайдалануу 2-3 эсе арзанга түшөт. Алсак, бир жолу пайдалануу миң сомдун тегерегин түзөт. Кыргызстандагы жер семирткичтерди ташып келүүчүлөр ассоциациясы дрондорду алып келип, дыйкандарга кызмат көрсөтүүдө. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинин Химизациялоо жана өсүмдүктөрдү коргоо департаментинин химизациялоо бөлүмүнүн башчысы Арстанбек Акматов кабарлады.

— Өздөрүнүн техника, лабораториялары бар. Дрондор кол менен башкарылат. Дыйкан дрондордун кызматынан пайдалануу үчүн буюртма бериши керек. Ал үчүн 0772 41 51 49, 0555 75 05 50 номурларына байланышуу кажет. Дрондорду өткөн жылы чегирткеге каршы дары чачууда пайдаланганбыз. Жакшы эффект берди. 

Жазгы талаа жумуштары үчүн план боюнча 1-мартка чейин 50 миң тонна жер семирткич чогултууну талап кылынат. Учурда белгиленген план толук аткарылып, 53 миң тонна жер семирткич топтолгонун Арстанбек Акматов кошумчалады.

— Бардык регионорду жер семирткич менен камсыздоого жетиштик. Быйыл эч кандай көйгөй жок. Бааларды туруктуу сактоо үчүн фирмалар менен тыгыз байланышта иштер жүрүүдө. Чоң «оборот» болушу үчүн бааларды көтөрбөө зарыл. Нарк жогоруласа, «оборот» токтоп калууда. 

Борбордук Азия багбандар биримдигинин жетекчиси, агроном Абдулла Капаровдун пикиринде, дыйкан-багбандар химиялык жер семирткичтерден арылып, органикалык түрүнө өтүшү зарыл. Бирок ал көп убакытты талап кылат. Айыл чарба министрлиги ушул багытта жаңыдан иш алып барууда.

— Жер семирткич органикалык болушу керек. Азыр биз колдонгондорунун баары химиялык жол менен алынган. Алсак, Корея айыл чарбасын органикага өткөрүүгө аракет кылып, 10 жылда аталган тармактын 40 пайызын гана органикага өткөргөн. Калганы мурдагыдай эле азот, селитра, аммофос менен иштеп жатат. Аларга караганда КРдин органикага чукул түрдө өтүп кетүүгө мүмкүнчүлүгү бар.  

Ал эми быйыл министрлик фермерлерге түрдүү өнөр-жай тармагына сырьё катары колдонулуучу өсүмдүктөрдү, тагыраагы, пахта, төө бурчак, кант кызылчасы, жүгөрү, соя өстүрүүнү сунуштайт. Бул тууралуу мекеменин алдындагы Айдоо жерлерин өнүктүрүү, үрөн өстүрүү жана органикалык айыл чарба өндүрүш бөлүмүнүн жетекчиси Жигитали Жумалиев билдирди.

Анын айтымында, быйыл дан өсүмдүктөрүнүн түшүмдүүлүгүн жогорулатуу максатында дотация системасы ишке кирет.

Дотация системасын буудай, арпа, жүгөрүнүн үрөнүнө киргизип жатабыз. Дыйкандар үрөн чарбалардан 30% арзандатуу менен үрөн сатып ала алат. Биз түшүмдүүлүктү көбөйтүп, сапатты жогорулатууга өтүп жатабыз. Ал эми кайрак жерлерге май өсүмдүктөрүн сунуштап жатабыз. Аларды сатуу боюнча кепилдик бар. Быйыл картошка мурдагыдан азыраак эгилет.

Кошумчалай кетсек, өлкө аймагында 600 айыл чарба ишканалары жана 3 миңден ашуун фермердик чарбалар бар.

Copyright © 2017 Maral FM