Биз менен байланышыңыз

Фор Гнассингбе төртүнчү жолу Тогонун президенти болуп шайланды

Дүйнө , Кыска кабар | 24 Фев 2020 | 430 | 0

Учурдагы Тоголез Республикасынын башчысы Фор Гнассингбе президенттик шайлоодо шайлоочулардын 72 пайыз добушуна ээ болуп, кайрадан өлкө президенти болуп шайланды. Бул тууралуу Reuters агенттиги шайлоо комиссиясынын алдын ала берген расмий маалыматтарына шилтеме кылып жазып чыкты.

Саясатчы алгач 2005-жылдын 24-апрелинде 1967-жылдан 2005-жылга чейин өлкөнү башкарган атасы Эйадему Гнассинбенин ордуна келген. Ошол учурда оппозиция шайлоонун жыйынтыгын таануудан баш тартып, өздөрүнүн тарапташтарын каршылык акцияга чыгууга үндөшкөн. Өлкөдө масссалык башаламандык башталып, жүздөгөн адамдар өлүп, кырк беш миң жаран коңшу Гану жана Бенин малекеттерине качууга аргасыз болушкан. 2005-жылдын май айында Фор Гнассингбе ант берип, ноябрь айында анын өкмөтү оппозиция менен келишүүгө жетишкен.

 

Copyright © 2017 Maral FM