Биз менен байланышыңыз

Баткенде чек ара боюнча кыргыз-тажик өкмөттүк комиссиянын жолугушуусу уланат

Кыска кабар | 22 Фев 2020 | 574 | 0

Бүгүн Баткен шаарында кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча Кыргызстан менен Тажикстан Республикаларынын өкмөттүк делегацияларынын жыйыны уланат.

Кечээ башталган жолугушууда тараптар мамлекеттик чек аранын долбоордук чиймеси боюнча мындан аркы иштери, ошондой эле чек ара коопсуздугун жана кызматташтыгын бекемдөө тууралуу маселелер талкуулашты.

Алар ошондой эле ортодогу маселелерди өз ара түшүнүшүү жана жылуу коңшулук маанайда чечилерине үмүт артарын билдиришти.

Өкмөттүк делегацияларды эки өлкөнүн вице-премьер-министрлери Акрам Мадумаров жана Азим Иброхим жетектеди.

Жолугушууга ошондой эле аймактык күч түзүмдөрүнүн жетекчилери, Баткен жана Согди облустарынын башчылары катышты.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM