Биз менен байланышыңыз

Жогорку Кеңеште жаңыдан дайындалган өкмөт мүчөлөрү ант беришти

Кыска кабар | 20 Фев 2020 | 413 | 0

Жогорку Кеӊеште жаңыдан дайындалган вице-премьер-министрлер Эркин Асрандиев, Акрам Мадумаров, өзгөчө кырдаалдар министри Замирбек Аскаров ант беришти. Ант берүү аземине Президент Сооронбай Жээнбеков менен премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев катышты.

Президент Сооронбай Жээнбеков жаӊы өкмөт мүчөлөрүн ант берүү аземи менен куттуктап, аларга зор ишеним жана чоӊ жоопкерчилик тагылып жатканын эске салды. Ал министрди берген антын так аткарып, мамлекеттин жана элдин кызыкчылыгы үчүн иштөөгө чакырды.

«Биргелешкен аракеттердин натыйжасында жер-жерлерде бир топ иштиктүү демилгелер көтөрүлүп, алардын алгачкы ийгиликтери сезиле баштады. Мындай алгылыктуу аракеттер мындан ары да улантылат«, — деди ал.

Белгилей кетсек, «КР Өкмөтү жөнүндө» мыйзамдын талабына ылайык, жаӊыдан дайындалган өкмөт мүчөсү парламентте ант бергенден кийин өзүнүн ыйгарым укуктарын расмий түрдө аткарууга киришет.

 

Copyright © 2017 Maral FM