Биз менен байланышыңыз

Бүгүн президент парламенттин жыйынына катышат

Кыска кабар | 20 Фев 2020 | 523 | 0

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 20-февралда Жогорку Кеңештин жыйынына катышат. Бул тууралуу Президенттик Аппараттын маалымат кызматы билдирди.

Парламенттин жыйынында Өкмөттүн жаңы мүчөлөрү ант беришет.

«Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө» Конституциялык Мыйзамынын 7-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык, Өкмөттүн жаңы мүчөлөрүнүн ант берүүсү өлкөнүн президентинин катышуусу менен өтөт.

Парламенттин жыйынында президент Сооронбай Жээнбековдун сөз сүйлөшү күтүлүүдө, ал өлкөнү өнүктүрүү жана коомдогу ынтымакты бекемдөө боюнча актуалдуу маселелерге токтолот.

Белгилей кетсек, Конституциянын 64-беренесинин 2-бөлүгүнүн 3-пунктуна ылайык, өлкөнүн президенти Жогорку Кеңештин жыйындарына чыгып сүйлөөгө укуктуу.

Copyright © 2017 Maral FM