Биз менен байланышыңыз

Улуттук энергохолдинг электрдин баасын жогорулатууну сунуштайт

Кыска кабар | 19 Фев 2020 | 558 | 0

Электр энергиясына болгон социалдык тарифти жок дегенде инфляция менен бирге өскүдөй кылып көтөрүү керек. Бул тууралуу Улуттук энергохолдингдин Стратегиялык өнүгүү жана адам ресурстары башкармалыгынын жетекчиси Кубаныч Беков «Гидроэнергетика. Борбордук Азия жана Каспий — 2020» аталыштагы конгресс-көргөзмөдө сүйлөп жатып билдирди.

Анын айтымында, бир киловатт-сааттын өз наркы 169 тыйын болсо, сатылган баасы 136 тыйынга бааланууда.

«Ар бир киловаттына 30-33 тыйындан жетпей калат. Андыктан тарифтерди бери дегенде чыгымсыз иштей турган деңгээлге жеткирүүнү сунуштап жатабыз. Ушул эле учурда даректүү социалдык колдоо көрсөтүлүшү керек«, — деди Беков.

Анын айтымында, азыр калк үчүн 700 киловатт-сааттан жогорулап кеткенде төлөнүп жаткан 2,16 сом менен өндүрүштүк объектилер төлөп жаткан 2,24 сомдук баа өздүк наркты жаап жатат.

«Кеп ага чейинки социалдык тариф, тагыраагы, 77 тыйын тууралуу болуп жатат. Электр энергиясынын 70 пайызы ушул тариф аркылуу кетет«, — деди ал.

Copyright © 2017 Maral FM