Connect with us

Кыргызстан менен Венгриянын кызматташуу программасына кол коюлду

Кыска кабар | 19 Фев 2020 | 502 | 0

Президент Сооронбай Жээнбеков 2020-жылдын биринчи жарымында Венгрияга расмий сапары менен барат. Бул тууралуу 19-февралда Венгриянын тышкы иштер жана соода министри менен жолугушууда айтылды.

Венгриялык аткаминер Кыргызстанга расмий сапар менен келген. Ал президент Сооронбай Жээнбеков жана Тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков менен жолугушууларды өткөрдү.

Ошондой эле Кыргызстан менен Венгриянын тышкы иштер министрликтери ортосунда 2020-2021-жылдарга кызматташуу программасына кол коюлду.

Бүгүнкү жолугушууда Жээнбеков акыркы жылдары кыргыз-венгер мамилелеринин өнүгүшү байкалып жаткандыгын белгилеп, Кыргызстанда Венгрия Элчилигин ачуу тууралуу айтты.

Венгрия болсо салык тармагын реформалоо, инвестициялык кызматташууну жакшыртуу, экспорттук дараметти кеңейтүү боюнча Кыргызстандын мамлекеттик кызматкерлерин окутууга даярдыгын билдирди.

Мындан тышкары, Кыргызстандын студенттери үчүн Венгриянын жогорку окуу жайларынан билим алууга квота көбөйтүлөрү айтылды.

Copyright © 2017 Maral FM