Биз менен байланышыңыз

Ашыкча жүк үчүн айыппулду көбөйтүү сунушталды

Кыска кабар | 19 Фев 2020 | 920 | 0

Жолдордун тез арада бузулуп кетишинин алдын алуу жана коррупциялык көрүнүштөрдү азайтуу үчүн автоматташтырылган таразаларды орнотуп, жүк ташуу агымына көзөмөлдү күчөтүү зарыл. Мындай сунушту Жогорку Кеңештин депутаты Марлен Маматалиев айтты.

Депутаттын маалыматында, бул система жол кыймылына көзөмөл кылган видеобайкоо сыяктуу иштейт. Эгер оор жүк менен унаа келип, көзөмөлдөн өткөн учурда айдоочунун ашыкча жүгү болсо, ага айып салынары таблодо көрсөтүлөт.

Жолдордун тез бузулушунун себеби – ашыкча жүк ташыган транспоттук каражаттар. Ошондон улам, мыйзам талаптарын бузган жүк ташуучуларга карата айыппул санкцияларын колдонууну катуулатуу демилгеси сунушталып жатат. 

Маматалиев айтыптын көлөмүн 100 миң сом деп белгилөө туура деген ойдо. Бирок өкмөт менен талкуулангандан кийин жеке жактар үчүн 17 миң, физикалык жактар үчүн 55 миң сом айып салуу сунушу калтырылды. Автоматташтырылган система ишке кирсе, айып кагазы айдоочунун үйүнө жиберилет.

Демилгечилер өлкө аймагында 27 маанилүү жол бар, анын ичинде 18 жолго биринчи кезекте автоматташтырылган таразаларды орнотуу керек деп эсептешет.

Сунушту Жогорку Кеңештин эки комитети колдогон.

Кыргызстандын тышкы карыздарынын 2 млрд 600 млн сомун же 80 пайызын жол салууга алынган насыялар түзөт. Мурдагы жөнөкөй таразалар 6 миңге чейин гана бузууларды аныктаса, азыркы автоматташтырылган таразалар 20 миңге чейинки бузууларды аныктай алат. Буга чейин жолдо жүк ташуу эрежелерин бузган жеке жана юридикалык жактар болгону 10 сом айыппул төлөгөн.

Copyright © 2017 Maral FM