Биз менен байланышыңыз

Кыргызстандын аймагында коронавируска чалдыккан учур катталган жок

Кыска кабар | 18 Фев 2020 | 542 | 0

Бүгүнкү күндө Кыргызстандын аймагында коронавируска чалдыккан учур катталган жок. Бул тууралуу вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова бүгүн өлкө аймагына коронавирустун келүүсүн алдын алуу жана жайылышына жол бербөө боюнча республикалык штабдын жыйынында айтты.

Кытайдагы Кыргызстандын элчилигинин маалыматы боюнча, 18-февралга карата вирус жуккандардын арасында Кыргыз Республикасынын жарандары жок.

Япониядагы Кыргыз Республикасынын элчилиги «Diamond Princess» саякат кемесинде болуп, коронавирусту жуктурууга шектелип жаткан мекендеш менен  үзгүлтүксүз байланышта болуп жатат. Маалыматка караганда, кыргызстандык жарандын вирус жугузуп алышына шектенүү -анын кемедеги коңшусунан коронавирус табылганына байланыштуу пайда болгон. Бирок мекендешибиздин абалы канааттандырарлык, дене табы көтөрүлгөн жок. Бейтап туруктуу кароого алынды. Ал дагы өзүн жакшы сезип жатканын айтууда.

Саламаттык сактоо министри Космосбек Чолпонбаев өлкөнүн мамлекеттик чек арасындагы бардык көзөмөл-өткөрүү жайларында күчөтүлгөн тартипте иш жүрүп жатканын, профилактикалык зарыл чаралар кабыл алынганын билдирди.

Эпидемиологиялык кырдаал жакшы эмес өлкөлөрдөн келгендердин ар бири текшерүүдөн өткөрүлүүдө. Изилдөөлөрдү өткөрүү үчүн Улуттук вирусологиялык лаборатория даярдалып, ал эл аралык стандарттарга дал келип, Бүткүл дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунан аккредитациядан өткөн.

Copyright © 2017 Maral FM