Биз менен байланышыңыз

Түндүк-батыш Сириядан 900 миң качкын качты

Дүйнө , Кыска кабар | 18 Фев 2020 | 449 | 0

БУУнун маалыматына караганда Асадга тиешелүү сириялык өкмөттүк күчтөрдүн чабуулунан кийин 2019-жылдын декабрь айындагы эсеп боюнча 900 адам үй-жайларын таштап, өлкөдөн качууга аргасыз болушкан. Булардын бардыгы тең Сириянын түндүк-батыш жагындагы согуш оту алоолонгон аймактардан качып чыккандар. Акыркы төрт күндүн ичинде эле Идлибден качкандардын саны 40 миңге жеткенин БУУнун гуманитардык маселелер боюнча координатору Марк Лоукок 17-февралда билдирген.

Анын айтымында, качкындардын көпчүлүгү – аялдар жана жаш балдар. Качкындарды кабыл алган лагерлер толуп калгандыгына байланыштуу адамдар көчөдө ызгаар суукта уктап жатышат. Энелер балдарын жылытыш үчүн пластиктерди жагышып, сууктан тоңуп өлбөөнүн аракетин кылышууда. Ымыркайлар менен жаш балдар ага болбой, суука кайыгып өлүшүүдө. Лоукок бардык тараптарды конфликтти жана ок атууну токтотууга чакырды.

Сирия президенти Асад болсо чабуулун уланта берүү ниетинен кайтпайт

Ошол эле учурда Түркиянын аскердик аракеттерди токтотуу боюнча койгон талабына карабай, Башар Асад козголоңчулардын позицияларына чабуулун уланта берүү ниетин билдирди. Ал бул тууралуу: “Бул алардын толук талкаланышынын башаты”, — деп элге болгон телекайрылуусунда билдирди. Ошондой эле ал ислам согушчандарынын жана алардын кошуундарынын акыркы таянычы болгон Идлибдеги оппозицянын үстүнөн болгон өкмөттүк аскерлердин жеңиши тууралуу айтып өттү.

Түрк өкмөтүнүн өкүлдөрү Москва шаарында 17-февралда өткөн сүйлөшүүлөрдө согушту токтотууну талап кылышкан. Анкара Идлибеги айрым көтөрүлүшчүл күчтөрдү колдоп келсе, тескерисинче, Москва менен Тегеран Башар Асаддын союздаштары болуп эсептелишет.

 

Copyright © 2017 Maral FM