Биз менен байланышыңыз

Ооган согушунун ардагерлери менен куткаруучулар жолугушту

Кыска кабар | 18 Фев 2020 | 429 | 0

Кечээ, 17-февраль күнү Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Республикалык өзүнчө куткаруу отрядына аймагынан 11 ооган согушунун ардагерлери барып куткаруучулар менен жолугушушту.

Бул иш-чара 15-февраль Ооганстандан советтик аскерлер чыгарылган күнүнө карата болуп өттү.

Жолугушуу учурунда согуш талаасындагы баатырларча курман болгон мекендештерибизди эскерүү менен бирге, согуш убагындагы коюлган күжүрмөн тапшырмаларды аткаруу учурундагы кыйынчылыктарды жана кызыктуу окуяларды айтуу менен бөлүшүп, жоокерлердин мекенге болгон патриоттук, атуулдук сезимдерин күчөтүүгө багытталган иш-чара болуп өткөн.

Copyright © 2017 Maral FM