Биз менен байланышыңыз

Ысык-Көл облусунда күчү 4 баллга жеткен жер титирөө катталды

Кыска кабар | 18 Фев 2020 | 311 | 0

Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, 18-февралда саат 00:01де Ысык-Көл облусунун аймагында очогунда күчү 4 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Жер титирөө Ысык-Көл облусунун Тоң районунун Каджы-Сай, Боконбаев, Тоң айылдарында 4 балл, Ак-Сай, Төрт-Гүл, Тогуз-Булак, Тамга айылдарында 3 балл, Кызыл-Туу, Кара-Коо айылдарында 2,5 баллга чейин сезилген.

Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

Copyright © 2017 Maral FM