Биз менен байланышыңыз

Салыктык жалпы декларациялоо 2026-жылга чейин жылдырылды

Кыска кабар | 14 Фев 2020 | 481 | 0

«Кыргыз Республикасынын Салык кодексин колдонууга киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» мыйзамга өзгөртүулөр киргизилди. Тиешелүү жарлыкка президент Сооронбай Жээнбеков кол койду. Бул тууралуу Президенттик Аппараттын маалымат кызматы билдирди.

Мыйзам Жогорку Кеңеште 22-январда кабыл алынган.

Аталган Мыйзам менен салыктык жалпы декларациялоо 2026-жылга чейин жылдырылды жана жеке жактардын айрым категориялары үчүн бирдиктүү салык декларацияны тапшыруунун милдеттүүлүгүн этап боюнча киргизүү каралды.

Кабыл алынган мыйзамга ылайык бирдиктүү салык декларациясын берүү боюнча Салык кодексинин 92-беренесинин талаптары:

1) 2021-жылдан тартып башталган мезгил үчүн төмөнкүлөргө жайылтылат:

— илимий-изилдөө, чыгармачылык, окутуучулук, дарылоо-ден соолукту чыңдоо жана калкты тейлөө боюнча аткаруучу-тескөөчү иш-милдеттер менен байланышпаган мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын карамагында болгон органдарда, ишканаларда жана уюмдарда иштеген жеке жактарга;

— мамлекеттик органдарда, мамлекеттик жана муниципалдык ишканалар менен мекемелерде, ошондой эле мамлекеттик үлүштүк катышы бар уюмдарда иштеген жеке жактарга;

— эл аралык уюмдардагы иштен киреше алган, бирок Кыргыз Республикасында жашап турууга укугу же кайрылман статусу бар жеке жактарга;

— салыктык мезгилде эсептик көрсөткүчтүн 3 миң эселенген өлчөмүнөн жогору суммада менчик укугун же мүлккө болгон башка укугун сатып алууга багытталган бир жолку чыгымдарды тарткан жеке жактарга.

2) 2023-жылдан тартып башталган мезгил үчүн салыктык мезгилде салык салынуучу кирешелерди алган жеке жактарга жайылтылат.

3) 2025-жылдан берки мезгилдеги бирдиктүү салык декларациясын тапшыруу Салык кодексинин 92-бересинде көрсөтүлгөн адамдардын бардык категорияларына таркатылат.

Мыйзамга ылайык 2021-жылдан, 2023-жылдан же 2025-жылдан тартып башталган мезгил үчүн бирдиктүү салык декларациясын берүүгө милдеттүү субъекттер бирдиктүү салык декларациясын көрсөтүлгөн мезгилдер башталганга чейин ыктыярдуу негизде берүүгө укуктуу.

Мыйзам ушул жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирди.

Copyright © 2017 Maral FM