Биз менен байланышыңыз

Легендарлуу чалгынчы Алексей Ботян көз жумду

Дүйнө , Кыска кабар | 13 Фев 2020 | 552 | 0

Легендага айланган чалгынчы, 1945-жылы январда Польшанын Краков шаарын куткаруу операциясын жетектеген Орусиянын Баатыры Алексей Ботян акка моюн сунду. Бул тууралуу сырткы чалгын кызматынын пресс-бюросу маалымдаганын РИА Новости жазды.

10-февралда Ботян 103 жашка толгон.

Алексей Ботян согуштун алгачкы күндөрүнөн баштап акырына чейин каармандыктарды жараткан орусиялык аскер болгон. Ал фашизм менен күрөшүүнү 1939-жылдын 1-сентябрында эле баштаган.

Согуш аяктаган соң, Ботян сырткы чалгында легалдуу эмес чалгынчы катары кызмат өтөгөн.

2007-жылы 10-майда Орусия президентинин жарлыгы менен Краковду куткаруу операциясында көрсөткөн эрдиги үчүн отставкадагы полковник Алексей Ботянга Орусиянын Баатыры наамы ыйгарылган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM