Биз менен байланышыңыз

Эл аралык эмгек уюму балдарды мажбурлап иштетүүгө каршы

Кыска кабар | 11 Апр 2019 | 802 | 0

100 жылдыгын белгилеп жаткан Эл аралык эмгек уюму Кыргызстанда «Борбордук Азия өлкөлөрүндөгү адам сатуу жана балдарды иштетүүгө каршы туруу», «Милдеттен аракетке» долбоорунун жыйынтыгын чыгарып жатат. Бул тууралуу аталган уюмдун маалымат кызматы билдирди.

Долбоордун катышуучулары Кыргызстанда балдарды оор жумуштарга салууну түп-тамырынан жоюуга багытталган Эл аралык эмгек уюмунун иш-аракеттерин талкуулашат.

Аталган долбоор 2017-2019-жылдары Эл аралык эмгек уюму тарабынан Германия Өкмөтүнүн колдоосу менен ишке ашырылган. Ошондой эле, Кыргызстандын Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлиги, бийликтин жергиликтүү органдары, өкмөттүк эмес уюмдар, кесиптик уюмдар менен кызматташып келген.

Иш-чара Жогорку Кеңештин, Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин, Мамлекеттик миграция кызматынын, Улуттук статистикалык комитеттин өкүлдөрүнүн, коммерциялык эмес уюмдардын кызматкерлеринин, ЭЭУнун социалдык өнөктөштөрүнүн катышуусунда өтүүдө.

Ошондой эле глобалдык күн тартибинде «Туруктуу өнүктүрүүнүн максаттары» программасынын 8/7 милдетин аткаруу маселесинде конкреттүү демилгелерди сунуштоо мүмкүнчүлүгү каралат.

Долбоордун алкагында балдарды мажбурлап иштетүүдө тескөө механизмин киргизүү, турмуштук оор кырдаалга дуушар болгон үй-бүлөлөргө көмөк көрсөтүү, алардын экономикалык мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү жана кошумча киреше издөө мүмкүнчүлүктөрүн караштырып берүү камтылган.

Кошумчалай кетсек, Эл аралык эмгек уюму 1919-жылы Биринчи Дүйнөлүк согушка чекит койгон «Версаль» тынчтык келишиминин алкагында негизделген. Уюм эл аралык эмгек нормаларын аныктайт, эмгек жана жумуш мүмкүнчүлүктөрү чөйрөсүндө укуктарды илгерилетет, социалдык коргоону жана жумушка байланышкан маселелер боюнча диалогду бекемдейт.

Copyright © 2017 Maral FM