Биз менен байланышыңыз

Аба ырайы: 13-февралда көпчүлүк аймактарда кар жаайт

Кыска кабар | 12 Фев 2020 | 416 | 0
Автор: Зефер Динжер

Кыргызгидрометтин маалыматы боюнча, 13-февралда көпчүлүк аймактарда кар жаашы күтүлөт. Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад облустарынын кээ бир райондорунда жана Ысык-Көл облусунун чыгышында жаан-чачын катуу жаашы мүмкүн. Зымдарга жана бактарга суу кар жармашат. Жолдор тайгак жана тоңголок болуп, тоолуу райондордо кар күрткүсү күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда 17-22 метрге жетиши мүмкүн.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда:

түнкүсүн: -2…..3… күндүз: 0……..5°C

Талас облусунда:

түнкүсүн: -3…..2….күндүз: -2………3°C

Жалал-Абад жана Ош облустарында:

түнкүсүн: 0……5….күндүз: 1……..6°C

Баткен облусунда:

түнкүсүн: 0……5….күндүз: 1……..6°C

Ысык-Көл облусунда:

түнкүсүн: -2…..-7..….күндүз: 0……..5°C

Нарын облусунда:

түнкүсүн: -17……-22…..күндүз: -5.……-10°C

13-февралда Бишкекте кар жаашы күтүлөт. Шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет. Абанын температурасы түнкүсүн -1…….1°C, күндүзү 3………5°C.

Copyright © 2017 Maral FM