Биз менен байланышыңыз

Жеңиш Разаков вице-премьерлик кызматынан бошотулду

Кыска кабар | 11 Фев 2020 | 3922 | 1

Жеңиш Разаков вице-премьер-министрлик кызматтан бошотулду. Бул тууралуу президенттин расмий сайты жазды.

Разаковдун отставкасын президент Сооронбай Жээнбеков кабыл алып, тийиштүү жарлыкка кол койду.

Жеңиш Разаков чек ара маселелери боюнча вице-премьерлик кызматты аркалады. Ошондой эле кыргыз-тажик чек арасын делмитациялоо жана демаркациялоо боюнча өкмөттөр аралык жумушчу топту жетектеди.

Жакында эле өкмөттүн финансы-экономикалык маселелерине вице-премьер-министр Жеңиш Разаков жооптуу болбой калган, ал бир гана чек ара маселелерине жооптуу болгонун өкмөт башчы билдирген.

 

Copyright © 2017 Maral FM