Биз менен байланышыңыз

Ырчы Азиз Батыров Ташкенттеги сынактын финалисти болду

Кыска кабар | 10 Фев 2020 | 1203 | 0

Кыргызстандык ырчы, дастанчы Азиз Батыров Ташкентте өткөн «Артист» теледолбоорунун финалисти болду. Бул тууралуу ырчы «Маралга» кабарлады.

Азиз Батыровдун айтымында, бул сынакка Борбордук Азия өлкөлөрүнөн 600гө жакын ырчы катышкан. Алардын 56сы экинчи турга тандалып алынган. Ал эми 3-турда 56 ырчынын ичинен 15ин финалист катары тандашкан.

Бул конкурстун өзгөчөлүгү ырчылар бир канча тилде ырдап өнөрүн көрсөтүшкөн. Сынактын калыстар тобун Өзбекстандын маданият министри Озодбек Назарбеков жетектеген. Дагы бир калыс Өзбекстанда белгилүү ырчы Озода Нурсаидова болгон.

Азиз Батыров «Артист» телесынагында «Ала-Тоо көрккө келбейт эл болбосо» деген ырды кыргыз жана өзбек тилдеринде комуз менен ырдаган. Конкурстун жыйынтыгы боюнча 15 финалистти бештен бөлүп үч ырчы өздөрү продюссерлик кылат. Тактап айтканда, аларды Өзбекстан калкына таанытуу мүмкүнчүлүгү түзүлөт. Кыргызстандык ырчы Азиз Батыров долбоордун алкагында Өзбекстандын популярдуу ырчысы, министр Озодбек Назарбековдун группасын тандаарын жана ага шакирт болуу ниетин билдирди.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM