Биз менен байланышыңыз

Аскаров: Табигый кырсыктарды алдын алуу иштерин тыкыр алып барышыбыз керек

Кыска кабар | 10 Фев 2020 | 442 | 0

Табигый кырсыктарды алдын алуу багытындагы иштерди тыкыр алып барышыбыз керек. Бул тууралуу бүгүн, 10-февралда Өзгөчө кырдаалдар министри Замирбек Аскаров аппараттык кеңешмеде билдирди.

Жыйында Аскаров тиешелүү башкармалыктын башчыларына болуп кетүүчү чукул кырдаалдарга чара көрүү максатында министрликтин күч-каражаттарын даярдыкта кармоону, жаз алды менен боло турган сел, суу ташкындарынан коргоочу жумуштарды убагында, так аткарууну тапшырды.

Жаздын келиши менен табигый коркунучтуу кубулуштар жандана баштайт, андыктан кооптуу тилкелерде жумуштарды өз убагында алып барыш керек, ал эми керектүү акча каражат маселесин чечип беребиз. Бүгүнкү күндө  тоолуу райондордогу кар көчкү коркунучу бар  аймактарга анализ жүргүзүлүшү керек, мындан тышкары жер көчкү жүрүп кетүү коркунучу бар  аймактарда иштерди жандандыруу зарыл”, — деди министр.

Жыйындын жүрүшүндө өлкөдөгү акыркы жумадагы өзгөчө кырдаалдар, күтүлүп жаткан туруксуз аба-ырайы, алдын алуу, издеп-куткаруу аракеттери тууралуу маселелер талкууланды.

Copyright © 2017 Maral FM