Биз менен байланышыңыз

Тима Мукашев: Кичинекей кезимде «Манас» айтчумун

“Алтын үн” сынагынын жеңүүчүсү, мукам үнү менен таанымал болгон Тима Мукашев студиябыздын кезектеги коногу болду.

— Саламатсызбы, Тима мырза!

— Саламатчылык!

— Эмне үчүн Тима, өзүңүздүн чын атыңызбы?

— Ар бир адамды эркелетип атап коюшат. Кичине кезимден тарта эле классташ, досторум Тима деп аташчу. Атым Темирлан, үй-бүлөм Темке деп коюшат.

— Балалык мезгилге келсек,ошондо эле ырга болгон шык ойгонду беле?

— Төрөлгөндөн тарта эле, ырга жакын экенмин. Апамдын айтуусу боюнча, ыйлаганда да үнүм ачуу чыкчу экен. Кичинекей кезимде эле «Манас» айтып, ырдап баштагам. Бишкек шаарында эмне сынак болбосун, бардыгына катыша берчүмүн. Андан соң, кафелерде музыкант болуп иштедим. Ошол убакта азыркы жылдыздар менен таанышып, чогуу иштешип баштаганбыз.

— Жеке концерт берүү планда болсо керек…

— Ушул жылы элдин батасын алып, кичи мекеним Нарынга жеке концертимди тартуулайм.

— Үй-бүлөлүк жашоого аттануу оюңузда барбы?

— Азырынча, андай план жок. Чыгармачылыкка эрте аралашып калганымдан, көпчүлүк  мени жашы чоң деп ойлошот. Негизи 1995-жылы төрөлгөм. Буйруса, убакыт, сааты келгенде үйлөнөм.

— Чыгармачылык ийгилик, маегиңизге рахмат!

— Сиздерге дагы чоң рахмат!

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM