Биз менен байланышыңыз

Бажы кызматынын 26 кызматкери жазаланды

Кыска кабар | 7 Фев 2020 | 710 | 0

Бажы кызматынын 26 кызматкери 2019-жылдын жыйынтыгы боюнча өткөн коллегияда тартип жазаларды алышты. Бул тууралуу аталган кызматтын маалымат бөлүмү  билдирди.

Коллегиянын отурумунун жыйынтыгы боюнча 26 тартип жаза салынган:

  • бажы органдарынын 4 жетекчисине, ошондой эле бажылык тариздөө жайларынын башчыларына;
  • борбордук аппараттын контрабандага жана бажы эрежелерин бузууга каршы күрөшүү түзүмдүк бөлүнүштөрүнүн жана бажы органдарынын башчылары контрабандага жана бажы эрежелерин бузууга каршы күрөшүү боюнча ишти тиешелүү аткарбагандыгы үчүн.

Ошондой эле, жыйында Мамлекеттик бажы кызматынын коллегиясынын токтомдорун аткаруунун жүрүшү, бажы төлөмдөрү жана 2020-жылдын 1-кварталына бажы төлөмдөрү боюнча болжолдуу көрсөткүчтөр боюнча бюджетинин киреше бөлүгүн аткаруу жана укук коргоо ишмердигинин жыйынтыктары жөнүндө маселелер каралды.

Copyright © 2017 Maral FM