Connect with us

Индонезияда үч ай акысыз билим алууга сынак жарыяланды. Шарттары

Кыска кабар | 4 Фев 2020 | 1097 | 0

Индонезиянын Тышкы иштер министрлиги искусство жана маданият тармагы боюнча билим алуучулар үчүн стипендиялык программасын жарыялайт. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Окутуу 2020-жылдын 2-майынан 15-августка чейин Индонезиянын искусство жана маданият борборлорунун биринде өтөт. Алар: Бали, Батыш Суматра, Чыгыш Калимантан, Батыш Ява, Түштүк Сулавеси жана Жокьякарта.

Стипендиаттар бир жума жашагандан кийин алардын кызыгуусуна жараша арт-борборлорго бөлүштүрүлөт. Бардык борборлордо Индонезия маданияты жана искусствосу менен тааныштырышат. Ошону менен бирге, айрым курстар айырмаланат. Мисалы, Батыш Явада салттуу батик кездемесин даярдоо жараянын жана Ява бийин үйрөнүшөт. А Балиде болсо – Бали бийин жана гамелан улуттук оркестрин. Программанын акырында бардык катышуучулар маданият жана искусство кечесине катышат.

Стипендиялык программа төмөндөгү чыгашаларды көтөрөт:

  • Окутуу акысын, класстардан сырткары иш-чаралар;
  • Эки тарапка авиабилет;
  • Жатакана жана тамак-аш;
  • Медициналык камсыздандыруу (чектелген), ар бир катышуучуга жеке медициналык камсыздандыруу алуу сунушталат;
  • Жергиликтүү транспорт;
  • Ай сайын 2 млн рупий стипендия.

Талаптар:

  • 21 жаштан 27 жашка чейин;
  • Үй-бүлөлүү болбошу керек;
  • Орто билим;
  • Англис тилин билүү зарыл;
  • Индонезия маданият жана искусствосун үйрөнүүгө басым койгон жана Индонезия тилин (минималдык деңгээлде) билгендерге артыкчылык берилет.

Сынакка катышууну каалагандар төмөндөгү документтерди бериши керек:

  • Мотивациялык кат;
  • Паспорт өлчөмүндөгү кызыл фонго түшкөн эки сүрөт:
  • Жарактуу мөөнөтү эки жылдан кем болбогон жалпы жарандык паспортунун фотокөчүрмөсү
  • Академиялык дипломунун фотокөчүрмөсү;
  • Акыркы алынган медициналык справканын фотокөчүрмөсү;
  • Сунуштама каты;
  • Программанын шарттарына макулдугун берген арыз:

Стипендиялык программа боюнча кеңири маалыматты бул шилтемеден алсаңыз болот. Анкетаны бул жерден жүктөп алыңыз.

Катышуучулар толтурулган билдирмени 12-февралга чейин Тышкы иштер министрлигине тапшыруусу зарыл. Документтердин көчүрмөсүн  2pd@mfa.gov.kg   электрондук дарегине жөнөтүү керек.

Copyright © 2017 Maral FM