Биз менен байланышыңыз

Бирдиктүү салык декларациясынын формасы өзгөртүлдү

Кыска кабар | 3 Фев 2020 | 345 | 0

Мамлекеттик салык кызматы Өкмөттүн 23-январдагы токтому менен Бирдиктүү салык декларациясынын формасына жана аны толтуруу жана берүү тартибине өзгөртүү киргизилгендигин маалымдады.

Тактап айтканда, Бирдиктүү салык декларациясынын формасы тиркемелер менен толукталды, анда салык төлөөчүлөр салык салуу объекттерин жана учурдагы жылга мүлк салыгы, жер салыгы боюнча эсептөөлөрдү көрсөтүшөт.

Мында ушул токтом күчүнө киргенге чейин, башкача айтканда 1-февралга чейин, салык декларациясын берген декларанттар такталган декларацияны тапшырууга милдеттүү эмес.

Бирдиктүү салык декларациясынын формасы жана аларды толтуруунун тартиби өзгөртүүлөрдү эске алуу менен Салык кызматынын расмий сайтынын «Отчет формалары» бөлүмүндө жайгаштырылган.

Copyright © 2017 Maral FM