Биз менен байланышыңыз

Баткен: Күчү 3 баллга жеткен жер титирөө катталды

Кыска кабар | 30 Янв 2020 | 451 | 0

Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, бүгүн, 30-январда саат 16:34тө Баткен облусунун аймагында очогунда күчү 3 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Жер титирөө Лейлек районунун Жаңы-Жер, Ак-Чечек айылдарында 2,5 балл, Баткен районунун Рабат айылында, Лейлек районунун Кара-Суу, Лейлек, Коргон айылдарында 2 баллга чейин сезилген.

Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

Copyright © 2017 Maral FM