Кыргызстанда бейөкмөт жана коомдук уюмдардын саны жыл сайын арбып барат. Юстиция министрлигинде катталган бейөкмөт уюмдарынын саны учурда 32 миңге жетсе, анын ичинен активдүү иш жүргүзгөндөрүнүн саны беш жүзгө жакын. Коммерциялык эмес уюмдарга мечиттер, медреселер, кайрымдуулук фонддору, саясий партиялар кирет. Мындай уюмдарды чет өлкөлүк уюмдар толугу менен камсыздап турат.
Бейөкмөт уюмдардын финансылык иш-аракеттерин көзөмөлдөө жөнүндө мыйзам долбооруна киргизилүчү өзгөртүүлөр боюнча коомчулукта эки тараптуу кайчы пикирлер түшүнбөстүктү жаратып жатат. Бейөкмөт уюмдарынын финансылык иш-аракеттерин көзөмөлдөө жөнүндө мыйзам долбооруна өзгөртүүлөрдү киргизүү сунушталып, учурда коомдук талкууда турат. Буга коомчулук өкүлдөрүнүн кээ бири макул болсо, ал эми башкалары бейөкмөт уюмдарга гранттык негизде келген каражаттын отчету жана алардын максаты боюнча маалымат берилиши керектигин айтышат. Жаңы мыйзам кабыл алынса, коомдук фонддор жана уюмдар мамлекеттик органдарга кошумча отчет берүүгө милдеттендирилет.
“Кылым шамы» бейөкмөт уюмунун жетекчиси, укук коргоочу Азиза Абдирасулованын айтымында, бейөкмөт уюмдар ай сайын финансылык отчет бере турганын айтып, депутаттар өз кызыкчылыгын ойлоп жатат деген пикирин билдирди:
-Бейөкмөт уюмдарды көзөмөлдөө боюнча мыйзам 2013-жылдан бери айтылып келет, дайыма шайлоого жакын депутаттар муну көтөрүп чыгышат. Себеби жарандык активисттер бейөкмөт уюмдар коррупция, партиялардын кандай иштегени тууралуу ачык айтышат. Бизден башка да коммерциялык эмес уюмдар толтура, мисалы диний уюмдар, окуу жайлар бар. Аларды да көзөмөлгө алыш керек, себеби алардын имаратын да демөөрчүлөр салып беришет. Кыргызстанда бардык укук коргоо уюмдары ай сайын отчет берип турушат.
Аталган мыйзам долбоорунун демилгечилердин бири Бактыбек Райымкулов бейөкмөт уюмдардын кылган иш-аракеттери ачык болушу керектиги тууралуу маселени көтөрүп, уюмдарга чет өлкөдөн чоң каражт келерин айтып, бейөкмөт уюмдар жыл сайын маалымат берип туруусун айтты. Ошондой эле, мыйзам бир гана ачык-айкындуулук боюнча болуп жатат. Көзөмөл, чектөө жөнүндө бир да сөз жок экенин түшүндүрдү:
-Бейөкмөт уюмдарга толук көзөмөл кылгыбыз келип жаткан жокпуз. Алардын Улуттук статистика комитетине берген отчеттору купуялуу бойдон калып жатат. Ошондуктан болгону алардын кылган иш-аракеттери боюнча жылына бир жолу элге маалымат берип туруусун айтып жатабыз. Мындан улам, гранттар кандай өздөштүрүлүп жатканын баары билиши керек. Себеби көрүп атасыңар, өлкөдө башаламандык болуп кетти.
Юридика илимдеринин доктору, профессор Бекбосун Бөрүбашев бейөкмөттүн уюмдардын каржы жагын аныкташ керек, бул өнүккөн өлкөлөрдө кабыл алынган. Мыйзамдын негизи максаты улуттук коопсуздукne сактоо экенин айтып, башка өлкөлөр өз кызыкчылыгын Кыргызстанда ишке ашырууга жол бербөө керектигин айтты. Азыр өзгөртүү киргизилип жаткан мыйзамда так жазылган эмес дейт:
—Бейөкмөт уюмдарды көзөмөлдөө өнүккөн өлеөлөрдө жакшы жолго коюлган. Себеби улуттук коопсуздукту, эгемендүүлүктү сактап калуу үчүн мыйзамга өзгөртүү киргизип, мыйзам чегинде иш алып барыш керек. Бардык уюмдарга маалымат бересиңер дебешибиз керек, биз чет элдик агент болгон уюмдардан отчет алышыбыз керек. Ушундай маанилүү жерлер, мыйзамда жазылган эмес, ошондуктан коомчулукта кайчы пикир жаралып жатат. Мыйзага өзгөртүүлөрдү кайрадан так жазып, анан көзөмөлгө алган туура болот.
Бизнес-ассоциациялар парламентте коммерциялык эмес жана өкмөттүк эмес уюмдардын ишин жөнгө салуучу мыйзамдарга өзгөртүү киргизе турган мыйзам долбоорун чакыртып алууга үндөгөн билдирүү таратышты. Анда мындай уюмдар ишкер чөйрөдөгү коррупция менен күрөшүүдө, реформа жүргүзүүдө салымы чоң экенин айтат.
Мыйзамга өзгөртүүлөр кирсе, бир жылда бир эле жолу бейөкмөт уюмдар маалымат бербесе,»Бузуулар тууралуу кодекси» менен чара көрүлөт. Андан сырткары, 13 миң сом өлчөмүндө айыппул салынат.
Эскерте кетсек, Кыргызстанда өкмөттүк эмес уюмдардын ишин көзөмөлгө алуу аракети 2013-жылдан тарта көтөрүлгөнү менен, иш жүзүндө ишке ашпай келет.