Биз менен байланышыңыз

Ырчы Атабеков милицияга нараазы болуп президентке кайрылды

Кыска кабар | 30 Янв 2020 | 877 | 0

Кечээ, 29-январда ырчы Мирбек Атабековдун апасын сабап, зер буюмдарын алып, үйүн тоноп кетти деп кармалган кылмышка шектүүнү милиция бошотуп жиберген. Бул тууралуу Мирбек Атабеков SUPER.KG порталына берген маегинде билдирген.

Анын айтымында, милиция кызматкерлери шектүүнү негизсиз бошотуп жиберишкен жана буга чейин ал жалпыга маалымдоо каражаттарына тергөө иштерине тоскоолдук жаратпоо үчүн окуя тууралуу ооз ачпай келген.

«Тергөөчүлөр бизге эч нерсе айтпай туруп, 2019-жылдын 22-декабрында кылмышка шектүүнү бошотуп жиберишиптир. Менде «Эмнеге алар шектүүнү кармаганда мага кайрылат да, аны бошотуп жатканда кайрылбайт?», «Эмне үчүн кылмыш болуп жатканда аны эч ким билбеши керек?» деген сыяктуу суроолор пайда болууда.

Жеке мен милиция кызматкерлеринин арасында, прокуратурада коррупционерлер бар болгондуктан, ушундай баш аламандыктар болуп, коом оңолбой жатат деп ойлойм. Бул жерде биз билбеген көп нерселер бар. Мен өкмөткө, президентке кайрылам. Сот системасын, милициядагы кайдыгер кызматкерлерди тазалаш керек.

Эгер биз элден укпасак, билмек эмес экенбиз. Ал жерде бул окуяга байланыштуу кылмыш иши ачылган. Анткени ошол кылмышка шектүү баланын унаасынан апамдын зер буюмдары табылып жатат. Ал жерде бир эле зер буюм эмес, бир нече зер буюм табылып жатат. Эмне ал кылмышты ачууга далил эмеспи?» , — деди Атабеков.

Бишкек шаарында 2019-жылы 6-майга караган түнү Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти, ырчы Мирбек Атабековдун апасынын үйүнө белгисиз адамдар бет капчан кирип, жалпы суммасы 60 миң долларды түзгөн акча каражатын жана зер буюмдарды алып кеткен. 2-сентябрда шектүү катары 24 жаштагы жаран Каракол шаарындагы кафелердин биринде кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

Copyright © 2017 Maral FM