Биз менен байланышыңыз

5-февралга чейин Кыргызстанда күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат

Кыска кабар | 30 Янв 2020 | 3454 | 0
Автор: Влад Ушаков

Кыргызгидромет борбору жакынкы күндөргө карата Кыргызстандын аймагында күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат таратты.

31-январда, 1-2-3-февраль күндөрү Кыргызстандын аймагында түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. Жолдор тайгак жана тоңголок болот. Шамалдын багыты өзгөрүлүп турат, ылдамдыгы секундасына 1-6 метрге жетиши күтүлөт.

3-февралда күндүз Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда жаан, кар, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо жана Чүй облусунун тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт. Чүй облусунун дыйканчылык аймактарында жана Ысык-Көл, Нарын облустарында жаан-чачын күтүлбөйт.

4-февралда түнкүсүн Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында кар жаашы күтүлөт. Ысык-Көл, Нарын облустарында жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз Чүй, Ош, Жалал-Абад, Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда кар жаашы күтүлөт. Талас, Баткен облустарында жаан-чачын күтүлбөйт.

Жолдор тайгак жана тоңголок болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет, 3-февралда күндүз жана 4-февралда тоолуу райондордо 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

5-февралда жана 6-февралда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. 6-февралда күндүз кээ бир райондордо жаан-чачын жаашы мүмкүн. Абанын температурасы бир аз жогорулайт.

Copyright © 2017 Maral FM