Биз менен байланышыңыз

Медициналык беткаптардын жана вируска каршы дарылардын баасы жогорулабайт

Кыска кабар | 30 Янв 2020 | 562 | 0
Сүрөт интернеттен алынды

Медициналык техника жана дары-дармек менен камсыздоо департаменти өлкөдөгү бардык ири фармацевтикалык компанияларды медициналык беткаптардын жана вируска каршы дары каражаттарынын наркын жогорулатпоого чакырды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин маалымат кызматы билдирет.

Саламаттык сактоо министрлиги Кытайдагы коронавирустук ((nCoV) v1) инфекциясынын чыгышына байланышкан акыркы окуяларга байланыштуу өлкөбүздүн калкын аба аркылуу жугуучу инфекциялардын жайылышына тоскоол болуучу медициналык беткаптардын бирдей жеткиликтүүлүгүн камсыздоо үчүн, ошондой эле республикабызда даярдыктарды көрүү жана андан аркы алдын алуу иш-чараларын пландоонун алкагында төмөнкүлөрдү маалымдайт.

28-январында Медициналык техника жана дары-дармек менен камсыздоо департаменти республиканын дарыканаларында жана дарыкана кампаларында бир жолу колдонулуучу беткаптардын жана вируска каршы дары каражаттарынын санын тактоо максатында ири дүң фармацевтикалык фирмалардын жана дарыканалар тармагынын өкүлдөрү менен чукул кеңешме өткөрдү.

Анын жыйынтыгында Медициналык техника жана дары-дармек менен камсыздоо департаменти өлкөдөгү бардык ири фармацевтикалык компанияларды медициналык бет каптардын жана вируска каршы дары каражаттарынын наркын жогорулатпоого, ошондой эле экспорттобогонго чакырды жана эскертүү берди.

Бет каптарды көп санда берүүдөн баш тартуу жана дарыканаларда бир адамга 20дан ашык сатпоо сүйлөшүлдү. Орусия, Казакстан жана Кытай мамлекеттеринен беткаптарды ташып келүү убактылуу токтотулганына байланыштуу Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги башка өлкөлөрдөн ташып келүү мүмүкүнчүлүктөрүн карап чыгып, сүйлөшүүлөр жүргүзүлүүдө жана жакынкы күндөрдө республикага медициналык бет каптарды жетишерлик санда алып келүүнү пландоодо. Бүгүнкү күнгө карата жалпы республика боюнча 2 миллионго жакын медициналык беткап бар.

Саламаттык сактоо министрлиги жарандарды ызы-чууга алдырбоого чакырат! Медициналык техника жана дары-дармек менен камсыздоо департаменти дарыканаларда бир жолу колдонулуучу бет каптар жана вируска каршы дары каражаттары жетишерлик санда бар экендигин кошумча маалымдайт.

Copyright © 2017 Maral FM