Биз менен байланышыңыз

Памир кыргыздары жөнүндө кыргыз тилинде биринчи «Ысык нан» подкасты чыгарылууда

Кыска кабар | 29 Янв 2020 | 811 | 0
Сүрөт интернеттен алынды

Аудиоберүү Памирдин карлуу тоо кыркаларында бир нече жүз жылдан бери этникалык кыргыздардын байырлашын, бүгүнкү күндө тагдырдын жазмышы менен жаңы жерге – Нарындагы Тянь-Шань тоо этегине жайгашуу темасын ачып берүүгө арналган.

Кайрылмандардын жаңы конуштардагы турмушу кандай өтүп жатат? Алар кыргыз коомчулугу менен аралашып, анын толук кандуу бөлүгү болуп кете алдыбы, же башкача айтканда өз үйүндөгүдөй сезе алыштыбы? Подкаст автору – Салтанат Калдыбаева философиялуу суроого жооп издейт.

Подкасттын автору кыргыз тилиндеги материалдарды даярдоо үчүн атайын Нарын облусунда болуп, подкасттын бир нече эпизоддорун даярдады. Анда алардын ыңгайлашуусу, ишке орношуусу жана турмуш-тиричилиги тууралуу аңгеме-баяндар («стори-теллинг») камтылган.

Мындан 3 жылдай мурун Нарын облусунун аймагына Ооганстандагы этникалык кыргыздардан 10 үй-бүлө көчүрүлүп келинген.

Кыргызстанга көчүп келүү алардын көптөн берки кыялы болгон. Бир топ жыл мурун Кыргыз Өкмөтүнүн өкүлдөрү Ооганстанга кезектеги экспедиция менен барып, Памирге гуманитардык жүктөрдү: азык-түлүктөрдү, жылуу кийим-кече жана дары-дармектерди жеткирип келишкен. Экспедицияга Памир кыргыздары кирип, барган делегация менен кайтып келген. Алардын делегация менен келишинин башкы максаты балдарынын билим алуусу болгон.

Эске салсак, 2019-жылдын 23-декабрында Ооганстандын Памир тоолорунда жашаган этникалык кыргыздардын дагы он бүлөсү  Алай районунун Сары-Могол айылына көчүп келген.

Copyright © 2017 Maral FM