Биз менен байланышыңыз

Кыргызстанда коронавирус катталды деген маалымат чындыкка дал келбейт

Кыска кабар | 26 Янв 2020 | 2335 | 0

Мессенджерлер аркылуу тарап жаткан Республикалык клиникалык жугуштуу оорулар ооруканасына коронавирусту жуктуруп алган бейтап жаткырылды деген маалымат чындыкка дал келбейт. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы кабарлады.

Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги бүгүнкү күнгө карата республиканын аймагында коронавирусту жуктуруп алган учур катталбагандыгын дагы бир жолу эске салат. Штаб вирустун жаӊы түрүнө байланышкан кырдаалды тынымсыз көзөмөлдөп жатат.

Жарандардан такталбаган жалган маалыматтарды таратпоосун өтүнөбүз.

Адистер тарабынан сунушталган вирустун алдын алуу чаралары:

— Колду самындап бат-бат жууп туруу же спирт менен сүртүү;
— Жөтөлгөндө же чүчкүргөндө оозду, мурунду чыканак менен же бир жолу колдонулуучу кагаз бет аарчы менен жабуу;
— Сасык тумоо же курч респиратордук инфекциялардын белгилери байкалган адамдардан алыс болуу;
— Эт жана жумурканы жакшылап бышырып колдонуу;
— Жаратылыштагы жапайы жаныбарлар жана канаттууларга жакындабаш керек;
— Эгерде дене табыңыз көтөрүлүп, жөтөлүп, дем алууңуз кыйындаса, тезинен медициналык жардам алууга кайрылыӊыз.

Copyright © 2017 Maral FM