Биз менен байланышыңыз

Президент Индия элин улуттук майрамы менен куттуктады

Кыска кабар | 26 Янв 2020 | 480 | 0

Президент Сооронбай Жээнбеков Индиянын премьер-министри Нарендра Модини жана индия элин улуттук майрамы — Индия Республикасынын күнү менен куттуктады. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.

«Бүгүн кыргыз-индия мамилелери өнөктөштүктүн жаңы стратегиялык деңгээлине чыкканын белгилеп кетүү өзгөчө жагымдуу, буга эки тараптын жигердүү эмгектенгени негиз болду. Бул өнөктөштүк кызматташуунун алдыга карай өнүгүшүнө жана жаңы багыттарды издөөгө, эки тараптуу өз ара аракеттенишүүнү мындан ары жылдыруудагы натыйжалуу механизмдерди бекемдөөгө жардам берет деп ишенем», — деп белгиленет куттуктоо телеграммасында.

Сооронбай Жээнбеков Нарендра Модиге ден соолук жана мамлекеттик ишмердүүлүгүндө ийгиликтерди, ал эми боордош индия элине тынчтык жана бакубатчылык каалады.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM