Биз менен байланышыңыз

Баткенде 1 миллион 750 миң сомдук күндөн заряд алуучу кубаттагычтар жоголду

Кыска кабар | 26 Янв 2020 | 2213 | 0

Баткен облусунун чек ара башкармалыгында баасы 1 миллион 750 миң  сомдук  күндөн заряд алуучу кубаттагычтардын жоголгону аныкталып, териштирүү иштери башталды. Бул тууралуу  Чек ара кызматынын маалымат катчысы Асылкерим Ажиев маалымдады.

Буга чейин аталган жабдыктар электр жарыгы өчкөндө радиостанцияларды кубаттоо үчүн колдонулуп келген. 2020-жылдын январь айында Мамлекеттик чек ара кызматынын жетекчисинин тапшырмасы менен аскер бөлүктөрдө жана бирикмелерде текшерүү иштери жүргүзүлгөн.

Облустук Аскер прокуратурасынан бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталганын айтышты.

Башкы прокуратура  шектүүгө карата «Өткөрүлүп берилген мүлктү өз кызыкчылыгына пайдалануу» жана «Шалаакылык» беренеси боюнча кылмыш ишин козгоп, териштирүү ишин баштады.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM