Биз менен байланышыңыз

Бийлик мамлекеттик кызмат көрсөтүүдө жарандарга максималдуу түрдө ыңгайлуу шарт түзөт

Кыска кабар | 24 Янв 2020 | 425 | 0

Бүгүнкү бийликтин негизги максаты — мамлекеттик кызмат көрсөтүү тармактарында өлкө жарандарына максималдуу түрдө ыңгайлуу шартты түзүү болуп саналат.

Бул тууралуу президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 24-январда өлкөнүн Коопсуздук кеңешинин кезектеги жыйынында сүйлөп жатып билдирди. Мамлекет башчысы коррупцияга каршы натыйжалуу күрөшүү үчүн санарип технологияларды киргизүү зарыл экенин белгиледи.

Менин жарлыгым менен былтыр дагы, быйыл дагы өлкөнү санариптештирүү саясаты артыкчылыктуу багыт катары аныкталды.

Инновациялык методдорду, алдыңкы маалыматтык технологияларды колдонууга негизделген чечимдерди кабыл алуунун ачык-айкын жана отчеттуу системасын тез калыптандыруу керек. Так ошондуктан, Коопсуздук кеңештин санариптештирүү чөйрөсүндөгү чечимин ишке ашыруу — өтө маанилүү. Бул багытта Маалымат технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетине жаңы жетекчи дайындалгандан бери бир катар ийгиликтүү иштер жасалды, — деп баса белгиледи Президент.

Азыркы учурда бардык мамлекеттик органдар «Түндүк» маалымат алмашуу системасына кошулганын, натыйжада 40 мамлекеттик орган жана 16 коммерциялык уюм ушул система аркылуу маалымат алмаша баштаганын президент сөзүндө белгиледи. Бул бюрократияны кыскартып, жарандарыбыздын убактысын үнөмдөөрүн өлкө башчысы кошумчалады.

Президент Сооронбай Жээнбеков Кыргызстан алдына амбициялуу максатты — региондогу өлкөлөр арасында санариптештирүү боюнча алдыңкы орунга чыгуу максатын койгонун өзгөчө белгиледи.

Copyright © 2017 Maral FM