Биз менен байланышыңыз

Президент Коопсуздук кеңешинин кезектеги жыйынын өткөрөт

Кыска кабар | 24 Янв 2020 | 555 | 0

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 24-январда Коопсуздук кеңешинин кезектеги жыйынын өткөрөт. Бул тууралуу Президенттик Аппараттын маалымат кызматы билдирди.

Коопсуздук кеңешинин 2018-2019-жылдары өткөрүлгөн жыйындарында кабыл алынган чечимдеринин ишке ашырылышынын жүрүшү каралат.

Тактап айтканда, Коопсуздук кеңештин 2018-жылдын 8-февралында кабыл алынган «Кыргыз Республикасынын сот, көзөмөл жана укук коргоо органдарында коррупцияга каршы күрөшүү боюнча олуттуу чаралар жөнүндө», 2018-жылдын 14-декабрындагы «Кыргыз Республикасын санариптик өнүктүрүү боюнча чаралар жөнүндө», 2019-жылдын 30-январындагы «Кыргыз Республикасынын кен казуу чөйрөсүндө коопсуздукту камсыз кылуу боюнча чаралар жөнүндө» чечимдеринин аткарылышы каралат.

Мындан тышкары, Кыргызстандын стратегиялык объектилеринин тизмегине сунуштар каралат.

Талкуунун жыйынтыктары боюнча Коопсуздук кеңешинин чечими кабыл алынат.

Copyright © 2017 Maral FM