Биз менен байланышыңыз

Абдалиев: 2020-жылы 93,7 млрд сом салык чогултулат

Кыска кабар | 23 Янв 2020 | 462 | 0

Салык кызматы 2020-жылы 93,7 млрд сом салык чогултууну көздөөдө. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы Кабыл Абдалиев маалымат жыйында билдирди.

2019-жылы Мамлекеттик салык кызматы тарабынан 83 млрд. 989,5 млн сом суммасында салыктар жана төлөмдөр чогултулду. Белгиленген план 100%га же 10,8 млн сомго ашыгы менен аткарылды. 2018-жылга салыштырмалуу салыктардын келип түшүүсү 4 млрд. 405,6 млн сомго көбөйгөн, — деди ал.

2020-жылы Салык кызматынын алдында 93,7 млрд сом салык чогултуу милдети турат. Салык кызматы 2019-жылы 32 млрд. 432,6 млн сом камсыздандыруу төгүмдөрүн чогултту. Бул 2018-жылга салыштырмалуу 1,8 млрд сомго көп. Үстүбүздөгү жылы Салык кызматынын алдында 35,7 млрд сом камсыздандыруу төгүмдөрүн жыйноо милдети турат.

Copyright © 2017 Maral FM