Биз менен байланышыңыз

Разаков: Чек ара боюнча сүйлөшүүдөн жыйынтык чыга элек

Кыска кабар | 14 Янв 2020 | 928 | 0

Кыргыз-тажик чек арасындагы абал боюнча бүгүн башталган Өкмөттүк деңгээлдеги сүйлөшүүлөрдүн биринчи бөлүгү бүттү. Азырынча эч кандай маселе чечиле элек. Бул тууралуу кыргыз делегациясын жетектеген вице-премьер Жеңиш Разаков маалымат каражаттарына билдирди.

Сүйлөшүү бүгүн, 14-январда Баткен районунун Кызыл-Бел айылына чектеш Тажикстандын Гулистон чек ара бекетинде өтүп жатат.

Кыргыз тараптан башпрокурор Өткүрбек Жамшитов, Улуттук коопсуздук комитетинин төрагасы Орозбек Опумбаев, ички иштер министри Кашкар Жунушалиев, Чек ара кызматынын төрагасы Уларбек Шаршеев, Өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлү Акрам Мадумаров, Кыргызстандын Тажикстандагы элчиси Жаныш Рустенбеков сүйлөшүүгө катышууда.

Тажик тарапты вице-премьер-министри Азим Иброхим баштап келген. Жолугушуу эки өлкө президенттеринин өткөн жумадагы телефон аркылуу сүйлөшүүсүнүн натыйжасында өтүүдө.

Чек арадагы абал боюнча кечээ президент өткөргөн кеңешмеде вице-премьер Жеңиш Разаков кыргыз делегациясы тажик тарап менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүгө даяр экендигин билдирген.

10-январга караган түнү Баткендин Көк-Таш айылында кыргыз-тажик чек арасында чыр чыккан. Тажик тараптан куралдан ок атылган. Бул чатакта Кыргызстан тажик жарандарын айыптаса, Тажикстан чатакка кыргыз жарандарынын аракети түрткү болгонун билдирген.

Кыргызстандын Чек ара кызматы тажик тараптын расмий органдары чагымчылдык жасаганын белгилеп, көйгөйдү чечүүдө аларды калыс болууга чакырган.

Copyright © 2017 Maral FM