Биз менен байланышыңыз

Президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмүнүн жетекчиси алмашты

Кыска кабар | 13 Янв 2020 | 1387 | 0

Президент Жээнбековдун Аппаратынын түзүмүндө өзгөрүүлөр болду. Буга байланыштуу өлкө башчынын жарлыгы чыкты. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.

Жарлыкка ылайык, президенттин маалыматтык саясат бөлүмүнүн башчысы жана басма сөз катчысы кызматтары экиге бөлүндү. Анын негизинде Наргиза Мансурова президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмүн жетектей турган болду. Ал эми буга чейин бул кызматты аркалап келген Толгонай Стамалиева өлкө башчынын басма сөз катчысы болуп дайындалды.

Мындан тышкары, жарандык өнүктүрүү, диний жана этностук саясат бөлүмүнүн базасында — социалдык өнүктүрүүгө мониторинг жүргүзүү жана гуманитардык өнүктүрүүгө мониторинг жүргүзүү жана жарандык коомдун институттары менен өз ара аракеттенүү бөлүмдөрү түзүлдү.

Президент Сооронбай Жээнбековдун буйруктары менен:

— Назгүл Ташпаева КР Президентинин Аппаратынын социалдык өнүктүрүүгө мониторинг жүргүзүү бөлүмүнүн башчысы болуп дайындалды;

— Кудайберген Базарбаев КР Аппаратынын гуманитардык өнүктүрүүгө мониторинг жүргүзүү жана жарандык коомдун институттары менен өз ара аракеттенүү бөлүмүнүн башчысы болуп дайындалды.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM