Биз менен байланышыңыз

Чек ара чыры: Тышкы иштер министрлигине тажик элчиси чакыртылды

Кыска кабар | 10 Янв 2020 | 622 | 0

Кыргыз-тажик чек арасындагы кырдаалга байланыштуу Тышкы иштер министрлигине Тажикстандын Кыргызстандагы элчиси Олимзода Сухроб Ходжа чакыртылды. Тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков тажикстандык кесиптеши Сирожиддин Мухриддин менен телефон аркылуу сүйлөштү.

Айдарбеков тажик жарандарынын ок атуусуна тынчсызданып, кыргызстандыктардын унааларына таш ыргытышканын сынга алды.

Баткен облусундагы кыргыз-тажик чек арасында кырдаал туруктуу, ок атуулар токтотулганын Мамлекеттик чек ара кызматы билдирди.

Чек ара кызматы күчөтүлгөн тартипте иштөөгө өткөн. Өткөрүү пункттары штаттык режимде иштөөдө. Жеринде Мамлекеттик чек ара кызматынын биринчи орун басары Абдикарим Алимбаев бар.

10-январга караган түнү саат 00:40та белгисиз адамдар Баткен шаарына бара жаткан  Кыргызстандын жаранына таандык унааны таш менен ургулашкан. Андан кийин алар Тажикстандын аймагына кире качышкан.

Кыргызстандын укук коргоо органдарынын маалыматы боюнча унаанын ичиндеги Кыргызстандын жарандарынын арасынан жаракат алгандар бар. Унаанын арткы жана капталдагы айнектери талкаланган.

Болжол менен бир сааттан кийин Баткенден Көк-Ташка кетип бара жаткан Кыргызстандын башка жаранынын унаасын тажикстандыктар Көчө-Карын жергесинде таш менен ургулашкан. Натыйжада, унаанын маңдайкы айнеги талкаланган.

Болжол менен түнкү саат 02.40та Дахма жергесинде Тажикстандын жарандары Кыргызстандын жаранынын үйүн таш менен ургулашкан. Ал жерге барган укук коргоо органдарынын өкүлдөрү жана чек арачыларга Тажикстан тараптан майда калибрлүү мергенчилик куралдан ок атылган. Ок атуулар тажик тараптан гана чыгып, маал-маалы менен кайталанган.

Учурда чек арадагы чырга байланыштуу Баткен милициясы күчөтүлгөн тартипке өттү.

Баткен облусуна ИИМдин орун басары Алмаз Орозалиев барды. Учурда коомдук тартипти сактоо жана абалды турукташтыруу аракеттери көрүлүүдө.

Copyright © 2017 Maral FM